25-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.

24-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен облусунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29,

Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 31...37,

Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12...17, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.