Ажылык-2018: Зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага жетти

Зыяратчылар үчүн 18 авиакаттам уюштурулат.

Сауд Арабиясына ажылыкка жөнөп жаткан кыргызстандыктардын алгачкы тобу 25-июлда Медина шаарына жетти. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова "Азаттыкка" билдирди.

Саат 22:00дө кыргызстандык зыяратчылардын 2-тобу Медина шаарына учуп кетет.

Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5485 квота бөлгөн. Жалпысынан 18 каттам уюштурулат. Ар бир топто 300дөй зыяратчы бар, аларды алты ажы башчы коштоп барат.