Бишкектеги “Асанбай Борбор” галереясында сүрөтчү Татьяна Бизюкованын “Индия күндөлүгү” аттуу көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу галереянын Интернеттеги расмий баракчасында кабарланды.
Көргөзмөгө Индияда тартылган, ал жактын элинин жашоосун, маданий өзгөчөлүктөрүн, тарыхын чагылдырган сүрөттөр коюлду.
Татьяна Бизюкова Кыргызстанда төрөлгөн. Соңку 10 жылда Азия аймагындагы бир катар өлкөлөрдү кыдырган.
Көргөзмө 5-августта жабылат.