Кызылча оорусуна чалдыккандар 350гө жетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 350гө жетти. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. 

- Статистика боюнча 350дөй учур катталды. Алардын 45% эмделбеген, бир жашка чейинки ымыркайлар, - деди ал. 

2017-жылдын декабрь айында кызылча оорусу Орусиядан келген мигранттардын балдарынан башталып, азыр аны жугузуп алгандар арбып бара жатканын Ишенапысова баса белгиледи.

2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун киши ооруган.

Украинада бул илдеттен бир нече айда сегиз жаран көз жумду, алардын алтоо балдар. (KE)