Арменияда мурдагы президент Роберт Кочарян камакка алынды

Армениянын экинчи президенти Роберт Кочарян.

Армениянын соту мурдагы президент Роберт Кочарянды тергөө бүткүчө эки айга камакка алды. Ал конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул берене боюнча айыпталган киши 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өлкөнүн экинчи президенти Роберт Кочарян 26-июлда кармалган. Армениянын Атайын тергөө кызматы сурактан кийин Кочарянга 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу "башка адамдар менен күн мурунтан келишүү аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу" деген айып койгон.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анын натыйжасында кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адамдар жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишини өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат.

Бул иш боюнча Армениянын мурдагы коргоо министри Микаэл Артюнанга айып коюлуп, издөө жарыяланган.

Мамлекетти 1998-2008-жылдары башкарган Роберт Кочарян 2008-2018 -жылдардагы президент, быйыл апрелде массалык толкундоолордун натыйжасында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон Серж Саргсяндын саясий өнөктөшү болгон. Камалаардын алдында Роберт Кочарян ага коюлган айыпты өлкөнүн азыркы бийлигинин “саясий куугунтугу” деп баалаган. (ErN)