Шаардык кеңештеги оппозиция Бишкек мэрлигине талапкер көрсөтпөйт

Бишкек мэриясы.

Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирбей калган “Республика – Ата Журт” фракциясы баш калаанын мэрлигине өз алдынча талапкер көрсөтпөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракциянын мүчөсү Жусупбек Коргонбай уулу билдирди. Анын айтымында, мындай чечим депутаттардын биримдигин, туруктуулукту эске алуу менен кабыл алынды.

“Республика – Ата Журт” фракциясы 30-июлда 18:00гө белгиленген жыйынында мэрликке талапкер Азиз Суракматовдун шаарды өнүктүрүү программасы менен таанышат.

Азырынча мэрлик кызматка Азиз Суракматов гана талапкер катары арызын тапшырды. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ага альтернатива боло турган талапкерлер көрсөтүлөр-көрсөтүлбөсү азырынча белгисиз.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча өзүнчө маалымат берилерин “Азаттыкка” билдирген. Документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда кечки саат 18:00дө аяктайт. (КЕ)