Чүй, Ысык-Көл облустарында суудагы коопсуздук жаатында кемчиликтер бар

Ысык-Көл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30-июлда өткөн кезектеги аппараттык кеңешмесинде акыркы мезгилде сууга чөгүп кеткендер көп болуп жатканы тууралуу айтылды.

Министр Нурболот Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй, Ысык-Көл облустарындагы башкармалыктарынын жетекчилерине суудагы коопсуздук жаатында кемчиликтерди жоюуга тапшырма берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан тышкары министр өзгөчө жай мезгилинде сууга түшкөн эс алуучулардын коопсуздугуна көңүл буруу керек экенин белгилеп, бул багытта 187 куткаруучу суучулдар кызматы тарабынан окутулганын айтты. (TSh)