“Азаттыктын” качкындар тууралуу тасмасы жеңишке жетти

Сыйлык тапшыруу учуру.

Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү уюштурган сынакта “Азаттыктын” кабарчысы Айгерим Акылбекованын качкындар тууралуу тасмасы 3-орун алды. 

Тасма Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосун баяндайт. Андагы баш каарман он эки жаштагы Фархад кыргыз өкмөтү анын үй-бүлөсүнө качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар.