3-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

3-августта Кыргызстанда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,

Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында 16...21, күндүз 29...34,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26 градус болот.

3-августта Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 28…30 градуска жетет.