Красноярскиде тик учак кулап, 18 киши каза тапты

Ми-8 тик учагынын кулашы

4-августта Орусиянын Красноярск аймагында тик учак кулап, 18 киши набыт кетти. Алардын үчөө экипаждын мүчөлөрү болчу. Тик учак Игарка шаарынан 180 чакырым алыстыкта кулаган. 

Кулаган Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак жүргүнчүлөрдү салып алып, көтөрүлүп баратканда анын жанында учуп бараткан башка тик учактын жүгү менен кагылышкан. Кулаган тик учак Utair компаниясына таандык. Ал "PH-Ванкор" компаниясынын мунай өндүрүүчүлөрүн жана башка ишкерлерди ташып бараткан. Тик учакта күйүүчү май болгондуктан, кулаган соң ал толугу менен күйүп кеткен.

Бул окуяны Батыш-Сибирь прокуратурасы иликтей баштады, ал эми Тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.