Министр милиционерлерди сыпайы болууга чакырды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлерин сылык болууга чакырды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр милиционерлерден чоң майрамдарда жана иш-чараларда адамдар менен сыпайы сүйлөшүүнү талап кылууда. 

Кыргызстан Эгемендик майрамын 31-августта белгилейт. 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. 3-сентябрда Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити өтөт. 

Кыргызстанда жарандар милиция кызматкерлеринин орой мамилесине даттанган учурлар арбын. (SE)