Венесуэланын бийлиги президент Мадурого «кол салууга аракет кылды» деп алты кишини кармады. Латын Америкасындагы бул өлкөнүн бийлиги аларды «террорчулар жана жалданма киши өлтүргүчтөр» деп атады.
Мадурого жардыргыч зат бекитилген бир нече дрон менен ишембиде аскердик парад учурунда чабуул коюлган. Алардын бири бутага жетпей абада жарылган. Экинчиси болсо көп кабаттуу үйгө тийип жарылган.
Венесуэланын ички иштер министри Нестор Реверол баш калаа Каракастагы операциянын натыйжасында алты киши кармалганын жана «маанилүү маалымат» алынганын билдирди.
Телеканалдар көрсөткөн видеодо Мадуро Венесуэланын экономикасы тууралуу сүйлөп жатканда кокустан жарылуунун үнү угулат. Мадуро асманды карап калса, анын жубайы Силия Флорес коркконунан колу менен төшүн жаап калганы көрүнөт.
Катарда тизилип турган аскерлер жабалактап качып жөнөшөт.
Мадуро жабыркаган жок. Бир нече сааттан кийинки телекайрылуусунда бардык булактар коңшу Колумбиядагы "оңчулдардын" изин көрсөтүп жатканын белгиледи. Колумбиянын өкмөтү Мадуронун мындай айыптоосун «негизсиз» деп атады.
Мадуро ошондой эле баштапкы иликтөөлөр боюнча кутумду АКШнын Флорида штатында жашаган кишилер каржылаганын билдирди.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боючна кеңешчиси Жон Болтон «АКШ өкмөтүнүн бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин так кесе айта алам» деди.