Таласта эркекти зордуктоо боюнча шектүү киши кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Талас районунда "38 жаштагы эркекти зордуктоого аракет кылды" деп шек саналган 48 жаштагы адам кармалды. "Азаттыкка" райондук милиция 9-августта кабарлагандай, ал ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүүгө каршы Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") менен кылмыш иши козголду. (AlS)