Израил Газа тилкесине кайрадан сокку урду

Палестина 9-августтагы аба соккусунан кийин.

Израил авиациясы Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылынын 140тан ашык объектисине сокку урду. Бутага алынган жайлардын арасында машыгуу лагерлери жана курал-жарак кампалары бар экендиги айтылды.

Израил армиясынын өкүлү Жонатан Конрикус 9-августта Газа тилкесиндеги чабуул ХАМАСтын аракетине жооп болгонун билдирди.

Конрикустун айтымында, акыркы 24 саатта Израил жарандары алтымыштан ашык ракета менен аткылоого туш болгон.

Конрикус бул коркунуч менен агрессияны Израил күчтөрү кабыл ала албай турганын, ошондон улам Газа тилкесинде "ХАМАСка" тиешелүү 140 объектиге сокку уруп, жооп кайтарылганын кошумчалады. 

"France-Presse" агенттигинин маалыматына караганда, аба чабуулунда кеминде үч киши набыт болду, арасында кош бойлуу аял жана бала бар. Бир нече адам жарадар болду. 

Палестина автономиясынын экономикалык курчоосу жеңилдетилсе, беш жылга согуштук аракеттерди токтотууга ХАМАС кыймылы макул болгонуна карабай сокку урулду.