“Коопсуз шаар”: сынакка арыздарды кабыл алуу эки жумага узартылды

Дүйшөмбү шаарындагы видеобайкоо.

Тендердик комиссия "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн арыздарды кабыл алууну 23-августка чейин узартты.

Буга чейин 10-август акыркы күн экени айтылган, бирок 31-июлда комиссиянын айрым мүчөлөрү сынак документтерине кошумча талаптарды киргизишкен. Мындан улам арыз кабыл алуу дагы эки жумага узарганын Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттиги кабарлады. 

Тендер быйыл 20-июлда жарыяланган. Жеңип чыккан компания калаанын ичи-сыртына 110 комплекстүү видеобайкоо орнотот.

Долбоордун наркы 2 миллиард 552 миллион сомдон ашпашы керек. Каржылоону тендерден уткан компания жүргүзөт, кыргыз өкмөтү компаниядан эреже бузуу тууралуу маалыматтарды сатып алат.