ӨКМ аба ырайы бузуларын эскертти

Бишкек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 12-13-августта Кыргызстанда аба ырайы бузулуп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын, чагылган болорун, жайлоолорго жана тоолорго кар түшөрүн эскертти.

Ушундан улам абанын температурасы төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы айрым учурда 18-23 метрге жетет.

Учурда Кыргызстандын көп жерлеринде 40 градуска жакын ысык болуп атат.