Финполициянын милдеттери аныкталды

Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жөнүндө мыйзамга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анын максаты экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишмердигинин укуктук негиздерин, максаттарын жана милдеттерин аныктоо, анын кызматкерлеринин эмгек укуктарын, укуктук жана социалдык коргоо чараларын камсыз кылуу болуп саналат.

Буга чейин бул маселелер өкмөттүк актылар менен жөнгө салынып келген. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул 27-июнунда кабыл алынган.