"Ата-бейиттин" сынын кетирген жагдайлар
Окуя Ата-Бейит мемориалдык комплексинин Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата орнотулган эстеликтин кире беришинде, Улуттук гвардиянын 701-аскер бөлүгүнүн казармасына жакын жерде болгон. Бузулган жер кайра чала-була чампаланып, калыбына келтирилгени көрүнүп турат.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 140ка жакын сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн. Кийин ал жайга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, апрелчи баатырлардын сөөгү коюлуп, эскерме жасалган. Ал эми 2016-жылы Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата жалпы курулушу 136 миллион сомдук эстелик орнотулган.