УКМК коррупцияга каршы күрөштөн 141 миллион сом өндүрдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн кезектеги 2 миллион сомду бирдиктүү эсепке которду.

УКМКнын маалыматына ылайык, аталган депозиттик эсеп ачылгандан бери атайын кызмат 141 миллион 604 миң сомду которгон.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында жемкордуктан өндүрүлгөн каражатты өзүнчө эсепке салууну буюрган. Учурда Финансы министрлигинин карамагында ачылган эсепке УКМК, ИИМ жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) каражат которуп жатат. (BkA)