Президент Ош менен Жалал-Абаддагы иш сапарын баштады

Сооронбай Жээнбековдун Талас облусундагы жумуш сапары. 12-июль, 2018-жыл.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапары менен барды.

Маалыматка ылайык, президент Өзгөн районундагы жаңы курулган заводдун, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызмунайгаз" ишканасынын иши менен таанышат.

Андан соң ал №2027 Шамалды-Сай чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышат. Күндүн экинчи жарымында Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү тургундар жана аймактын активи менен жолугушу күтүлүүдө. (RsK)