Мамыркулованын арызын район аралык сот да артка кайтарды

Канышай Мамыркулова "Азаттык" радиосунун кеңсесинде.

Мэр шайлоого байланыштуу журналист жана жарандык активист Канышай Мамыркулованын Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызы артка кайтарылды. 

Мамыркулова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, сот маселени Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) карашы керектигин айтып, арызды кабыл алган эмес. 

Буга чейин анын даттануусун Бишкектин Биринчи май райондук соту "биздин ыйгарым укукка жатпайт" деп кайтарган.  

Мамыркулова Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.

Бул кырдаалга жооптуу катары Мамыркулова өкмөттүн, Мамлекеттик тил комиссиясынын, БШКнын, "Кыргызтест" мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн болчу.

Мамыркулованын арыздарынын артка кайтарылышы боюнча сот тараптан азырынча расмий комментарий боло элек. 

Быйыл 26-июлда мэр кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет” деген чечим чыгарган. Бирок анын "эл", "шаар" деген сөздөрдү ката жазганы тууралуу маалымат Интернетке тараган. 

8-августта мэр шайлоо атаандашсыз өтүп, шаардык кеңештин көпчүлүк добушу менен Суракматов кызматка келген.