БУУнун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан дүйнө салды

Кофи Аннан.

Бириккен улуттар уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан 80 жашында оорудан улам көз жумду. Ал 18-августта эртең менен Швейцариянын Берн шаарында бейтапканада дүйнө салганы кабарланды. 

Кофи Аннан кайсы оорудан көз жумганы расмий айтыла элек. 

Теги ганалык Кофи Аннан БУУнун баш катчысы кызматында 1997-жылдан 2006-жылга чейин иштеген. 

Соңку жылдары Швейцарияда жашап, өзүнүн фондун башкарып келаткан эле.