Бишкекте жана Ошто Курман айттын урматына сейил уюштурулат

Иллюстративдик сүрөт

Курман айттын урматына 23-августта Бишкекте майрамдык сейил уюштурулат. "Умма" ислам журналынан кабарлашкандай, иш-чара Түштүк дарбазада, Дайыр Асанов атындагы паркта өтөт. Катышуучулар арасында сынактар, спорттук мелдештер жана кол өнөрчүлөрдүн сабактары болот. 

Ушундай эле майрам 22-августта Ош шаарындагы "Алымбек датка" эс алуу жайында болот. 

Уюштуруучулар бул иш-чара коммерциялык мүнөздө эместигин, түрдүү дин өкүлдөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатын көздөрүн билдиришти. 

Курман айт 21-августта белгиленет.