Бишкекте милиция кызматкери бычакталды

Кыргыз милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Шектүүлөрдү кармоо учурунда Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкери бычакталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” баш калаанын милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке караштуу Көк-Жар конушунун тургуну анын үйүн белгисиз адамдар бир нече күн бою аңдып жүрүшкөнүн айтып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери даттануучунун үйүнө барып, ошол тегеректе жүргөн 28 жаштагы Өзбекстандын жаранын колго түшүрүшкөн. Анын автоунаасын кароо учурунда тапанча жана бычак табылган.

Андан кийинки ыкчам издөө аракеттеринин натыйжасында анын шериктери, 26, 31 жана 40 жаштардагы кыргызстандык үч шектүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кармалган. Кармоо учурунда алар каршылык көрсөтүп, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жарадар болгон. Шектүүлөрдүн автоунаасынан медициналык беткаптар, колкаптар, ок жана бычактар алынган.

Милиция кызматкеринин сол колуна бычактын мизи бир нече жолу тийген. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы оор эмес.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 28-168-беренеси (“Кол салууга даярдануу”), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") жана 241-беренеси (“Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоо”) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Милиция билдиргендей, шектүүлөрдүн биринин ата-энеси кармоо учурунда анын баласын милиция сабап салганын айтып арыз жазган. Бул арыз боюнча кызматтык иликтөө башталды. (ErN)