24-августка карата аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

Соң-Көл. Нарын облусу.

24-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градус болот.

24-августта Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз 26…28 градус ысык болот. (ErN)