Азиаданын жеңүүчүлөрүн тосуп алуу салтанаты өтөт

Олимпиадалык шаарчадагы азем.

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында күрөштүн түрлөрү боюнча таймаштарда байгелүү орундарга татыган кыргыз спортчуларын бүгүн күйөрмандары салтанаттуу түрдө кыргыз-казак чек арасынан тосуп алышат.

Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда 4 күмүш жана 5 коло медаль бар.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. (RK)