Нарында 50дөй мамлекеттик объектинин курулушу жүрүп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун айтымында, азыр облус боюнча элүүгө жакын мамлекеттин имараттын курулушу жүрүп жатат. 2018-жылы курулуштардын тогуз объектиси пайдаланууга берилет деп пландалууда, анын бешөө мектеп. Муну Кайыпов 30-августта Эчки-Башы айылынын жаңы мектебинин ачылышында сүйлөп жатып билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эчки-Башы айылынын мектебинин эски имараты 1960-жылдары ашар жолу менен салынган. Имарат авариялык абалга келгендиктен, республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси менен 2016-жылдын март айында курулуш башталган. Жалпы сметалык баасы 62 млн. 448 миң сомду түзгөн. Жусуп Иманалиев атындагы Эчки-Башы орто мектебинде учурда 362 окуучу билим алып, 38 мугалим эмгектенет. (TSh)