Макрон Мирзиёевди Парижге чакырды

Эммануел Макрон.

Франциянын президенти Эммануел Макрон Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын эгемендик майрамы менен куттуктап, Парижге чакырды. Анда ал эки өлкө ортосундагы мамилелерди жандантуу маселесин талкуулоону сунуш кылган.

"Көп жылдан берки өнөктөш Франция менен Өзбекстандын туруктуу жакындашып келатканын кубаттайм. Сооданы арбытуудан жана стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүдөн тышкары биздин саясий диалог быйыл дагы да бекемделет деп үмүттөнөм. Париждеги расмий сапарыңызда Сиз менен чын ыкластан жолугушууну күтөм" деп айтылат Макрондун куттуктоо катында.

Буга чейин өзбек маалымат каражаттары Мирзиёев Францияга октябрда барышы ыктымал экенин жазышкан.

Быйыл июлда Парижде Өзбекстандын соода үйү ачылган. Анын негизги максаты -өзбек экспортун Францияга жана бүтүндөй Европага жайылтуу экени айтылган. Ошол эле учурда Франция өзбек коону менен анарына карата фитосанитардык чектөөнү алып салган.

Өзбекстан жыл сайын 1-сентябрда СССРден бөлүнүп, өз алдынча өлкө болгон күнүн белгилейт.