Иштин майын чыгарган студенттер

Нурайым Эрмекова 22 жашта. Беш тилде эркин сүйлөй алат.

Нурайым Ата-Түрк Ала-Тоо эл аралык университетинде котормочулук факультетинин 4-курсунун студенти. Нурайым борбордогу мейманканалардын биринде иштейт. Азыркы иши котормочулук жаатта тажрыйба топтоого да жардам берет.  

Бир жылдай Австрияда окуп, билим алып келген Нурайым жаштарга чет тилин үйрөнүүнү сунуштайт. Айрыкча араб тилин үйрөнүш керектиги айтат.

Быйыл 48 миңден ашуун араб турист Кыргызстанга келген. Алар европалыктардан айырмаланып, кымбат мейманканаларда эс алып, акыркы үлгүдөгү унааларда Кыргызстандын аймагын кыдырганды жакшы көрөт. Алар котормочуларга да көп акча төлөйт. Бизде болсо араб тилин билген жаштар өтө аз”, - дейт Нурайым.

18 жаштагы Бейбарс Абдрахманов Кыргызстандын футбол чемпионатына катышкан “Илбирс” командасында ойнойт.

12 жашынан бери футбол ойноп келаткан Бейбарс былтыр Кыргыз-түрк "Манас" университетине тапшырган.

Футболчу үчүн билимдүү болуу өтө маанилүү.

Футболсуз жашоомду элестете албайм. Бирок футбол ойноо бул убактылуу нерсе. Ал эми билимдүү болсоң кийин жакшы жумуштарда иштей аласың. Эгер мүмкүнчүлүк болсо машыктыруучу болуп, футболдо эле калам” - дейт Бейбарс.

21 жаштагы Нурай Акылбекова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетинде окуйт.

Нурай досу менен кыргыз тилиндеги китептердин дүкөнүн ачышкан. "Азыркы жаштар такыр китеп окубайт" деген ойдон алыс. Анткени эки айда эле китеп сатуудан 100 миң сомдон ашык пайда тапкан.

Келечекте мугалим болууну самаган Нурай эми окуу башталса дүкөндө түштөн кийин иштей турганын айтат.

19 жаштагы Айбат Дегенбаев келечекте хирург болгусу келет.

Айбат Бишкектеги соода борборлорунун биринде кароолчу болуп эмгектенет. Тапкан каражатын окуусуна, медицинага тиешелүү китептерди сатып алууга жумшайт.

Айбаттын милдети - дүкөндөгү буюмдарга көз салып, уруулуктун алдын алуу. Андыктан дүкөнгө кирген ар бир кардарга көз салып турат.    

Болочоктогу архитектор, 21 жаштагы Максим Ремер Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунда окуйт. Учурда Бишкектеги эс алуучу жайларда кофе жасап сатат.

Үч бир туугандын орточусу Максим үй-бүлөсүнө акча керек болгондуктан ишке чыккан. Тапкан каражатын өзүнө жумшап, ашканын апасына берет.

19 жаштагы Мээрим Бектенова Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде окуйт.

Мээрим келечекте теле алып баруучу болуп, көгүлтүр экрандын көркүн ачсам деп кыялданат. Андыктан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде окуйт.

Мээрим учурда моделдик ишти да аркалап жүрөт. Ал үчүн атайын окуудан өткөн.

20 жаштагы Нурлан Токоев музыкага шыктуу.

Нурлан Бүбүсара Бейшаналиева атындагы искусство жана маданият университетинин студенти. “Мен музыкант жана атактуу ырчы болуп, Бишкектин чоң сахналарында концерт берем. Азыр окуума, кийимге акча чогултуп жатам”, - дейт.

 

Нурландын мукам үнүн тигүү цехиндеги кесиптештери жакшы көрүшөт. Бирок жумуш абдан көп, ырдаганга убакыт деле жок.

Абдухаким Яншанло 25 жашта.

Мындан бир жыл мурун Иса Ахунбаев атындагы Медициналык академияны бүтүрүп, учурда Республикалык ооруканада ординатурадан өтүп жатат.

Абдухаким "дарыгер дайыма окуп, издениши керек" деп эсептейт.

Кыргызстанда окуп, ошол эле учурда иштеп да акча тапкан студенттер арбын. Айрымдары окуусу менен кесибин айкалыштырса, кээ бири такыр эле башка тармактарда иштейт.