Кырчында этношаарчанын ачылышына президенттер катышат

Көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземи учуру. 2-сентябрь, 2018-жыл.

Кырчындагы этношаарчанын расмий ачылыш салтанатына жогорку деңгээлдеги расмий коноктордун катышары күтүлүүдө. Ага 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн саммитине катышып жаткан өлкө башчылар күбө болушат. Иш-чара түштөн кийин саат үчтө башталат. 

Театралдаштырылган фестиваль “Көчмөндөрдүн алтын кылымы” деген аталышта болот. Андан соң чет өлкөлүк чыгармачыл топтордун концерти менен уланат. Ошондой эле эл аралык этно-экологиялык “Мөңгү” кинофоруму өтөт.

Кырчын жайлоосундагы маданий иш-чаралар үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүүдө. Бул жерде маданий программадан тышкары, салбуурун оюндарынын түрлөрү боюнча медалдар ойнотулат.

2-сентябрда башталган Көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда 8-сентябрга чейин уланат. (SDz)