Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Өзбекстандын кошулушун кубаттайт. Ташкент аталган кеңешке жаңы дем бере турганын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков айтты.
3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулушу ыктымалдыгы айтылган эле.
Кеңешке жаңы башкы катчы болуп бекитилген Багдат Амреев Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, "жакын арада толук мүчө болот" деп ишенерин белгиледи.
Кыргыз президенти бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.
- Деңизге чыга албаган мамлекет катары Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет”, - деди Жээнбеков.
Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити 2010-жылы расмий түрдө ишин баштаган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Быйыл Венгрия байкоочу катары катышты. (BkA)