Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги бешинчи сессиясы ачылды. Төрага Дастан Жумабеков парламент расмий ишин баштаганын жарыялады. Бүгүндөн тартып комитеттер кийинки чоң жыйында кандай маселелер караларын аныкташат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Регламентке ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып аймактарда шайлоочулар менен жолугушаары айтылган.
Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар.
Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. (TSh)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жогорку Кеңеш өз ишин баштады