Жыл аягына чейин сегиз ири ишкана ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстанда сегиз ири ишкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте металл продукциясын, Токмокто ун азыктарын, Сокулукта бут кийим өндүрө турган, ал эми Араванда цемент чыгаруучу ишкана ачылганы жатат.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган алгачкы мезгилде интеграция болушуна жардам берүү максатында ачылган. Аны Орусия өкмөтү каржылап, кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген шартта насыя берет. (RK)