Ош: прокурордун орун басары асынып алганы айтылууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев каза болгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 10-сентябрда  "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, Кожошев асынып алган. Башкы көзөмөл органы анын өлүмү тууралуу комментарий берген жок. Териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлө турганын билдирди. 

Төрө Кожошев 10-сентябрга караган түнү каза болгону айтылууда. Анын эмне себептен өз жанын кыйганы белгисиз.