Сагынбаев: кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү элге ачык болот

Дамир Сагынбаев.

Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жатат. Сагынбаев анда келерки жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан жасалган кылмыштардын тизмеси түзүлөт деп билдирди:

- Ким болбосун мамлекетке зыян келтирсе кылмыш жообуна тартылат. 2019-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыштардын реестери иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үстүнөн жазылган арыз-даттануулар кандай каралып жатканын онлайн режиминде көрө алышат. Муну менен бардык тергөөчү, прокурор жана башка кызматкерлер кайсы бир ишти жаап-жашыруудан мурун "кылмышкерди калкалоо керекпи же жокпу" деп он жолу ойлонот деген ишеним бар. Анткени, бардык маалымат, кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү онлайн режиминде ачык болот. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен быйыл февралда Коопсуздук кеңешинин катчылыгына сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга күрөш тууралуу чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн. (NT)