Бишкек шаарындагы "Мадина" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Анда айтылгандай, өрттү өчүрүүгө жалпы алты өрт-куткаруучу бөлүм, ИИМдин кызматкерлери, Суу чарба башкармалыгынан төрт суу ташуучу автоунаа, Тез жардам кызматынан эки бригада жана РЭТ кызматкерлери тартылган.
ӨКМге "Мадинада" өрт чыкканы тууралуу кабар 15-сентябрга караган түнү саат 22:53де келип түшкөн. Баштапкы маалыматтарга караганда жалын базардын Чүй көчөсү тарабындагы кездеме сактаган кампадан тутанган.
Бишкекте буга чейин Ош базары бир нече жолу өрттөнгөн.
"Мадина" базарында негизинен кездеме, төшөк-жууркан сыяктуу үй-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылат. (ErN)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Мадина" базары өрттөн кийин