Бизнес үчүн качан бейиш түзүлөт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бийлик бизнес үчүн бейиш жайга айлантууну көздөгөн Кыргызстанда мамлекеттик органдар ишкерлерге бут тосуусун улантууда. Мындай жагдайды ишкерлер менен жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков мойнуна алды. Президент мындай терс көрүнүштөрдөн арылуу күрөш жүрүп жатат десе, ишкерлер коррупцияга каршы күрөшкө жамынган аракеттерден ири инвесторлор өлкөдөн кетүүгө аргасыз болуп жатканын айтышты. Өлкө жетекчилигин бул жолку убадаларынан соң абал өзгөрөбү? “Азаттыктын” талкуусуна мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын бшкармалык төрагасы Темирбек Ажыкулов жана "Легпром" жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов катышты.