Жаңыл Мамбеталы: Садыр Жапаров тууралуу Ак үйдөн буйрук болгон эмес

Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталыны бекитүү боюнча маселени карап жатат.

Жыйын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турган учурда саясатчы Садыр Жапаровго карата туура эмес чечим чыгарганын билдирип, ал учурда Ак үйдөн тиелешүү буйрук болгонуна же болбогонуна кызыкты.

Жаңыл Мамбеталы андай буйрук болбогонун айтып, шаардык соттун коллегиясы мыйзамдын чегинде чечим чыгарганын билдирди.

Быйыл 13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген.

Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп турганда экс-депутаттар Садыр Жапаровдун, Хажимурат Коркмазовдун, Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын жетекчиси болгон Данияр Нарымбаевдин, мурдагы баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун иштерин караган. Мындан сырткары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп турганда "Альфа Телеком" компаниясына байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарган.(BkA)