Сооронбай Жээнбеков АКШга иш сапар менен барат

Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШга иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

23-27-сентябрга пландалып жаткан сапар учурунда мамлекет башчысы Нью-Йоркто болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат.

Сыдыков белгилегендей, Кыргызстан БУУ менен кызматташтыкка артыкчылык берет жана пландалып жаткан иш сапар өлкө үчүн саясий жактан чоң мааниге ээ. (RK)