Каттоо кызматкерлери мамлекеттик тил күнүн белгилешти

Иш-чара Чуңкурчакта өттү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү тил майрамына арналган иш-чара өткөрүштү. Мекеменин жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы Чуңкурчак коктусунда уюштурган майрамга жалпысынан жүздөн ашуун кызматкер катышты.

Негизги максат - жамаатка, айрыкча жаштарга кыргыздын маданиятын сиңирүү, үйрөтүү, нукура сөздөрүн, колдонулбай бараткан буюм-тайымдарын иш жүзүндө жаштар арасында жайылтуу болду.

Мамлекеттик тилдин тарыхы, коомдогу жана өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу маалымат берилип, кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын даңазалаган түрдүү мелдештер, оюндар менен коштолду.

Маселен, катышуучулар төрт тайпага бөлүнүп кой союу, ичеги-карын артуу, устукандоо боюнча мелдешишти.

Жаштарга боз үй кантип тигилери көрсөтүлдү. Белгилүү манасчы Рыспай Исаков “Манас” айтып, спорттук таймаштар да өттү.

Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына 29 жыл толду. 1989-жылдын 23-сентябрында аталган мыйзам кабыл алынып, ал эми 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө” жөнүндө жарлык чыккан.