Бишкекте жапон маданиятынын күзгү фестивалы башталат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте жапон маданиятынын күзгү фестивалы башталат.

Жапон элчилиги мэриянын колдоосу менен уюштуруп жаткан бул иш-чара 1-октябрда жыйынтыкталат.

«Митико Хамасаки айымдын каллиграфия дүйнөсү» деген көргөзмө, «Бон» бийинин фестивалы жана жапон маданияты боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. (RK)