Боом капчыгайындагы жол убактылуу жабылат

Боом капчыгайы.

Боом капчыгайында бүгүн жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат катчысы Эркин Кайымов билдирди. Анын айтымында, Бишкек-Торугарт автожолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Жардыруу авто жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан саат 11ден 15ке чейин жол толугу менен жабылат:

- Жол убактылуу жабылат. Ал эми Ысык-Көлгө бара турган автомашиналар айланып өтүүчү жол менен өтсө болот. Бул темир жолунун жана автомобилдердин коопсуздугу үчүн жүргүзүлүп жаткан жардыруу иштери.

Боом капчыгайы аркылуу Бишкек тараптан Ысык-Көлдү көздөй каттаган жалгыз трасса өтөт. (RK)