Бүгүн, 1-октябрда Бишкекте Улгайган адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча улуттук программаны талкуулаган эл аралык конференция өтөт.
Уюштуруучулардын айтымында, эки күндүк иш-чарага Кыргызстандан сырткары Орусиядан, Казакстандан, Азербайжандан, Өзбекстандан жана Армениядан эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. Анда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы, жыйынтыктар тууралуу сөз болот.
1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. Социалдык фонд “Азаттыкка” билдиргендей, ушул тапта Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 5412 сомду түзөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт. (КЕ)