Кыргызстанга 162 бала бакча жана 200 мектеп жетишпейт

Гүлмира Кудайбердиева.

Кыргызстанга 162 бала бакча жана 200 мектеп жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Жогорку Кеңеште депутат Данияр Аттокуровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Эгерде эки нөөмөттө миңден бала окуса да, 200дөй мектеп бизге тез арада керек. Андан тышкары 162 бала бакча куруу зарыл, - деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникация жана архитектуралык курулуштар боюнча комитет Билим берүү министрлигинин отчетун угууда. (KR)​