Өкмөт: Мугалимди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда билим берүүнүн сапаты жогорулап, бул тармакта иштегендерди социалдык жактан колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин кесиптик майрамына байланыштуу куттуктоосунда айтты.

Премьер-министр мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүүнү комплекстүү модернизациялоонун программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын, жаңы инновациялык технологиялар киргизилип, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртылып жатканын белгиледи. 

Бирок бир ай мурда Кыргызстандагы билим берүү тармагын талдаган “Булан” институту президентке кайрылып, мектептердин маселесин чечүүгө тез арада көңүл бурууга чакырган. Уюм билим берүү системасы кыйроо абалына жакындап калганын билдирген. Кайрылууда мектеп мугалимдеринин макамы, алардын социалдык абалын жогорулатуу, окуучулардын мектептерге батпай калганы, билим сапатынын төмөндөшүнүн себептери тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы жана сунуштар айтылган. “Буландын” жетекчиси Чолпон Орозобекова кайрылууга али жооп боло электигин 5-октябрда “Азаттыкка” билдирди.

5-октябрь Кыргызстанда Мугалимдер күнү. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө 114 миңден ашуун мугалим жана окутуучу эмгектенет. (RK)