Футбол: “Дордой” клубу Кыргызстандын кубогун утту

"Дордой" командасы кубокту уткандан кийин.

Кыргызстандын кубогу үчүн беттеште Бишкектин “Дордой” футбол клубу Оштун “Алай” командасын 3:2 эсебинде жеңип алды. 

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-октябрда өткөн таймашта "Дордойдон" Бекжан Сагынбаев (эки жолу) жана Миралим Ахмедов, "Алайдан" Акрам Умаров жана Иляс Салимов гол киргизишти.

Кыргызстандагы эки алдыңкы клуб, бири-бирине дайыма атаандаш болуп келген “Дордой” менен “Алай” үчүнчү ирет Кыргызстандын кубогунун финалында беттешип, баарында "Дордой" жеңишке жетти. 

Футбол боюнча Кыргызстандын кубогу 1992-жылдан бери өткөрүлөт. “Дордой” аталган кубокту он ирет уткан алгачкы команда. (GT)