Аба ырайы: 8-октябрда жаан жаайт

8-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 10...15,

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,

Ысык-Көл жана Нарын дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 4…6, күндүз 10…12 градус болот.

Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болорун эскертти.

8-10-октябрда күн сууп, Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -3 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

7-октябрда Баткендин Лейлек районунда жамгыр аралаш кар жааганын аймактагы тургундар кабарлап, "Азаттыкка" видео жөнөтүштү.