Тоо текени аткан киши айыпка жыгылды

Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Тоо текелерди аткан соң аны видеого тартып алган жаран табылды. Ал Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну экени аныкталып, 200 миң сом айыпка жыгылды. Андан тышкары 20 миң сом административдик айып төлөй турган болду.

Жергиликтүү тургун кой жайып жүрүп тоо теке атып алганын моюнга алган. Ага айып пулду бир айдын ичинде бөлүп төлөө тууралуу талап коюлду.  Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Буга чейин социалдык тармактарда эки тоо текени аткан кишинин видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Көпчүлүк Интернет колдонуучулар мергенчини жазалоого чакырышкан.

Мыйзамга ылайык, аркар, бугу-марал, аюу атып алган мергенчилерге 1 миллион айып салынат. Ал эми ак илбирске 1,5 миллион, тоо текеге 100 миң сом айып каралган. (TSh)