Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.
Андан алынган маалыматка ылайык, Жээнбеков облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондоруна барат. Бакай-Атадагы Ак-Дөбө айылында ал төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ачылышына катышууда. Ал завод төө буурчакты тазалап, иргеп, сатууга даярдайт.
Муну менен катар президент Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин көрөрү айтылды. (BkA/AlS)