Эмен паркында чынар теректер тигилүүдө

Эмен паркы.

Бишкектеги Эмен паркында бүгүн жаңы бактар отургузулуп жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна "Бишкекжашылчарба" ишканасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 30 бак тигилет. Баары тең чынар терек.

Бир кездери Бишкек бак-дарагы эң көп шаарлардын бири деп эсептелчү. Бирок эгемендик жылдары алардын көбү каралбай, куурап, кийин курулуш көбөйүп, жолдор оңдоло баштаганда кыйылып калган. (RK)